www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык соту калаа тургуну, 1994-жылы туулган Нурсултан Насировдун өлүмүнө шектүүлөргө карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Айыпталуучу К.Б. күнөөлүү деп табылып, 16 жылга эркинен ажыратылды. Маалыматта ал жазаны күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөй турганы айтылган.

Мындан тышкары, шектүүлөрдүн дагы экөө жети, дагы экөө беш жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Кылмыш жаза кодексинин 63-беренеси менен бул төртөөнө эки жылдан сынак мөөнөтү белгиленди.

Маалыматтарда Нурсултан 2016-жылдын 5-сентябрында саат 24:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгону айтылып келет. 30-сентябрь күнү чирий баштаган абалда сөөктөрү ар кайсы жерден табылган. Аны сабап өлтүрдү деген шектүүлөр Ош шаарынын Жапалак айылынын тургундары, маркумдун классташтары болуп чыкты.

Кылмышка шектелген маркумдун классташтары кармалып, тергөө учурунда окуянын кандай болгонун баяндап беришкен. Алардын айтымында, Нурсултанды үйүнө чакырган К.Б. аттуу жаран ортодогу пикир келишпестиктен улам аны сабап жатып өлтүрүп алган.

Андан кийин денени шериктери менен "Дэу Тико" унаасына салып Кең-Сай конушундагаы талаага алып барып көөмп ташташкан.

Булак: "sputnik.kg"

 

Последние новости