www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Сот

Бүгүн, 27-августта Свердлов райондук сотунда “Кыргызстан” партиясынын БШКга карата доо арызы каралган.

Сот "Кыргызстан" партиясынын пайдасына чечилип, БШКнын чечими жокко чыгарылды.

Сот залынан чыккан партия лидери Канатбек Исаевди журналисттер тосуп алды. Бирок ал комментарий берген жок. Партиядан депутаттыкка талапкер Талант Мамытов: "Сот биздин арызды карап, канааттандырды. БШКнын жумушчу тобунун чечимин жокко чыгарды. Бишкек шаардык административдик соту адилеттүү чечим чыгарды", - деди ал.

Cвердлов райондук сотунун имаратына жүздөгөн адамдар, партиянын тарапкерлери жана жарандык активисттер соттун чечимин угууга келишкен.

Эске сала кетсек, БШК 25-августта «Кыргызстан» партиясы «шарттарды бузган» деген негиз менен анын документтерин артка кайтарган. Ага чейин, 24-августта партиялардан тизмеге байланыштуу тийиштүү документтерди кабыл алуу аяктаган. 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости