www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мурдагы президенти Атамбаев СИЗОдо болсо, Армениянын мурдагы президенти да камакта. Албетте, алты жыл Кыргызстанды жетектеген  Атамбаевдин эмне үчүн камакта жатканын кыргыз эли билет, бирок бирок он жыл мамлекетти башкарган Армениянын мурунку президенти Кочарян алдым-жуттумдугу менен камакта жатканын көпчүлүк биле бербесе керек. Еревандын соту «1-март» иши боюнча камакта отурган Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарянды бошотуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок. Бул чечимди ишти карап жаткан судья Анна Данибекян 17-сентябрдагы сот жараянында окуду.

Ушул эле күнү мурдагы президенттин адвокаттары Кочарянды күрөөгө бошотуу же бөгөт чарасынын камакка алуудан башка түрүн тандоо боюнча дагы бир өтүнүч келтирди.

Кочарян жана дагы мурдагы үч жогорку кызмат адамынын үстүнөн сот иши 12-сентябрда кайра жанданган.

Он жыл 1998-2008-жылдары өлкөнү башкарган Кочарян «конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган», ошондой эле «үч миллион доллар өлчөмүндө пара алган» деп айыпталып жатат. 2008-жылы 1-мартта Ереванда президенттик шайлоодон кийин нааразылык акциясына чыккан митингчилер кууп таратылган. 11 жыл мурдагы окуяда сегиз киши жана эки полиция кызматкери каза тапкан.

Эгер бул айыптар боюнча анын күнөөсү далилденсе, 65 жаштагы экс-президент 15 жылга чейин соттолушу мүмкүн. Бул постсоветтик Армениянын тарыхындагы эң чуулгандуу сот иш катары мүнөздөлүүдө.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости