www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин борборундагы митинг "Сатылган соттор кетсин", "Коррупцияга жол жок", "Кыргызстанда чынчыл соттор кайра келсин", - деген ураан менен чыгышууда. Алар президентти колдоп, коррупция менен күрөшүүдө аны менен бирге экендигин айтышууда.
Митингде көбүнчө эки саясатчынын: "Ата-Мекен" партиясынын өкүлдөрү, Садыр Жапаровдун тарапташтры да чыгышкан.
Аталган митингде "Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Генералдык Прокурор Индира Жолдубаева кетсин!" -деген плакаттарды көтөрүп, алардын иштен кетүүсүн талап кылып, кыйкырышууда. Ошондой эле, абакта эч күнөөсү жоктор да жатканын карапайым калктан чыккандар айтышууда.
Аталган митингдин катышуучулары Президенттин саясатын дагы бир үндөн колдошоорун белгилешүүдө.
Жарандык активист Адиль Турдукулов Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаев эч негизсиз эле түрмөдө отурганын айтты. - Сот системасы таза болсун! Сооронбай Жээнбеков өзү айткандай, коррупцияны түп тамырынан жоюш керек! Сөзүбүзгө туруп, аны аткарышыбыз зарыл!, - дейт Адиль Турдукулов.
Эске салсак, митингге 100дөй адам катышууда.
Жазгүл Урмамбетова
Булак: NazarNews.kg