www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Октябрь райондук сотунда казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга эстрадициялоо иши каралып жатат. Ага кыргызстандык жарандык активисттер, укук коргоочулар да катышууда. “Азаттыктын” кабарчысы соттук жараянды видеого тартууга тыюу салынганын билдирди.

Казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Ал ушу тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Астана блогерди "өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт" деп айыптап жатат. Өзү жана туугандары бул айыпты саясий куугунтук катары баалап, эл аралык уюмдардан жардам сураган.

Кечээ, 18-июнда кыргызстандык жана казакстандык жарандык активисттер Тунгышбаевди колдоп жана ага карата куугунтукту токтотуу талабы менен Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына пикетке чыгышкан.

Буга чейин Тунгышбаевдин Кыргызстанда качкын макамын берүү тууралуу арызы каралып жатканын Мамлекеттик миграция кызматы кабарлаган. Акыйкатчы Кубат Оторбаев Тунгышбаевди Казакстанга өткөрүп бербөөгө чакырган - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости