www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киши колдуу болгон Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш ишти бүгүн, 6-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту карай баштайт. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын адвокаты Рабига Сыдыкова билдирди. Буга чейин тергөө аяктап, иш сотко өткөн.

Ички иштер министрлиги тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат бере элек. Кылмышка шектүү катары үч жарандын аты аталууда. Алардын экөө кармалып, бирине издөө жарыяланган.

Парламенттин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын бир тууган иниси, 42 жаштагы Улан Саляновду былтыр 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнөн атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы окуяны Аида Салянованын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, аны иликтөөнү талап кылышкан. Милиция кылмышта эч кандай саясий мотив жоктугун жана ал карактоо максатында болгонун билдирген.

Булак: "Азаттык"

Последние новости