www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
30-майда Москванын Люблинский райондук соту миллиардер Алишер Усмановдун арызы боюнча угуулар маалында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын адвокаттарынын бардык 16 өтүнүчүн тең канааттандырган жок.
Навальныйдын адвокаттары башка өтүнүчтөрү менен бирге сотко Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев менен вице-премьер Игорь Шуваловду чакырууну суранышкан.
Доо арыздын жазылышына Коррупцияга каршы күрөш фондунун Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин кыймылсыз мүлктөрү тууралуу иликтөө тасмасы себеп болгон. Анда Усманов Медведевдин курсташына пара катары хан сарай бергени жөнүндө айтылган.
Усманов тасмадагы хан сарай белек кылгандыгы, вице-премьер Игорь Шуваловго пара бергендиги жана «Коммерсант» басма үйүндөгү цензура тууралуу маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда.
Бул иш боюнча өткөн соттун утурумдук жыйынында тараптар тынчтык макулдашуусуна келүүдөн баш тартышты.
24-майда Усманов өзүнүн экинчи видеокайрылуусун жаздырган. Анда ал Навальныйды Михаил Булгаковдун чыгармасындагы каарманга салыштырып, ага "Алексей Полиграфович Навальный" деп кайрылган. Кайрылуусун Усманов "Дагы бир жолу бетиңе түкүрдүм» деген сөздөр менен аяктаган.
Булак: "centralasian.org"