www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев жана Нурланбек Тургунбек уулу баш болгон сегиз адамдын иши боюнча сот отуруму уланды. Отурумга айыпталуучулардын баары келди. Ишке “жашыруун” макамы берилгендиктен, соттук отурумдар жабык өтүүдө жана сотко келген айыпталуучулар ачык маалымат берүүдөн баш тартышууда.
Бир гана айыпталуучулардын бири, мурдагы депутат Курманкул Зулушев: "Мандат, сот маселеси, айып угузуу боюнча баары бүткөндө маалымат беребиз. Чуркап, бизге дагы, өзүңөргө дагы ыңгайсыздык жарата бербеңиздер. Интервью берүүдөн качканым жок. Баарын, кудай буйруса, убакыт келгенде айтабыз. Азыр сабыр кылып туруңуздар",- деген.
Айткандай, коомчулукта башалмандыкка, бийликти басып алууга чакырык жасады делип фейсбуктагы пикири үчүн канчалаган журналист, активисттер камалып кетишти, эмне үчүн булар камакка алынбайт деген нааразычылык күч.
"Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү", "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып жаткан сегиз адамдын иши тергөө аяктагандан кийин алгачкы жолу 18-майда сотто каралган.