www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинадагы жаңжал Германияга 100 млрд евродон ашык чыгым алып келди. Бул тууралуу Бундестаг депутаты Сара Вагенкнехт жазып чыкканын РИА Новости кабарлады.
Саясатчынын айтымында, 2026-жылы Киевге дагы 11 миллиард евролук аскердик жардам көрсөтүлөт. Мындан тышкары, Европа биримдиги Украинага кошумча 90 миллиард евро бөлүүнү пландап жатат, анын төрттөн бир бөлүгүн Германия каржылайт.
Вагенкнехт Бундестагдагы айрым депутаттардын Украинага ЕБ тарабынан буга чейин макулдашылган насыядан тышкары дагы кошумча каражат бөлүү сунушун сынга алды.
Саясатчы Германиянын бюджеттик чыгымдарын көбөйтүүгө каршы экенин билдирип, Украинага кошумча миллиарддаган евролорду бөлүү туура эмес экенин айтты.