www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“75чилердин каты” деген ат менен белгилүү болгон сот процессине күбө катары Эмилбек Каптагаев келди. Ал кол койгон катка байланыштуу журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди.
- Катка кол койгонуңуз чындыкпы?
- Ооба, өзүм кол койгом.
- Маани-маңызын түшүнүп туруп кол койдуңуз беле?
- Ал жердеги маани-маңызында эч кандай чектен чыккан эч нерсе жок.
- Ошондо президентти колдодуңуз беле же Ташиев тараптан болдубу, сизге ким чалды эле?
- Президентти колдоо иретинде кол койгом. Эгерде жогору жактан чукул шайлоо өткөрүлү деп жатышса, колдоп берели деген ниетте кол койгом.
- Бирок каттын ички маани-маңызы башкача экен деп жатышпайбы?
- Жок, ал жерде андай жок. Катта республикадагы жетишкендиктер жазылган. Андан кийин бир аз кемчиликтер көрсөтүлгөн. Андан кийин президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча коомдо өйдө-ылдый пикирлер көп айтылып кетти, ошолорго чекит коюп, мындан ары туруктуу өнүгүү үчүн мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү зарылчылыгы айтылган, башка эч нерсе жок.
- Кемчиликтер тууралуу эмне айтылган?
- Миграция, тышкы карыз маселеси бар.
- Катка кол койгон 75 киши чогулуп чай ичишкенби?
- Жок, чогулуп чай ичүү болгон эмес.
-Кат боюнча ким чалды эле?
-Турдубек Мамбетов чалган. Жолугуп катты көрсөттү, кол коюп бергем.
- Катта кылмыш ишин козгогонго негиз болчу жагдай бар болчу деп эсептейсизби?
- Ошону билбейт экенмин. Азыр элдин дагы, менин дагы башым маң болуп турат. Чынын айтканда, республиканын туруктуулугу үчүн бийлик башындагылардын чечимин колдоо иретинде кол коюлган да. Көпчүлүк ошондой түшүнгөн. Азыр абал такыр тескери болуп жатпайбы? Эми калганы соттун чечими менен белгилүү болсо керек.
- Жогорку Кеңештин төрагасынын айткандарычы...
- Ошол нерсе ичимди толгоп, аябай кыжалат кылды. Алдап туруп, башка жакка киригизип койгондой сезим болду. Чынын айтканда кат көмүскө ишке, көмүскө максатка негиз болуп жаткан болсо, ошону айтпай туруп, башканы айтып “өлкөнүн туруктуулугу үчүн жогору жактын чечимин колдоп койгула” дегендин өзү жоопкерчиликке жатпаган иш.
- Ушунун баары каттан башталды да. Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүш керек деген айгайдын кереги бар беле?
- Керек болчу же жок деп айта албайм. Саясий кырдаалда ар кандай нерсе болот. Мындай Кыргызстандын тарыхында көп эле болгон.
- Учурда абакта 5 адам отурат. Калган үч адам – Ташиев, Зулушев, Шакиев эркиндикте жүргөнү туурабы, алар дагы камалыш керекпи?
- Мен антип камалсын же камалбасын деп айта албайм.
- Ташиев башында турган дегенге ынанасызбы?
- Мен ынанам деп айта албайм. Соттун жыйынтыгын, чечимин күтөбүз да. Сотто кандай фактылар чыгат, дагы эмнелер айтылат биз билбейбиз да.
- Каттын демилгечиси ким болгон?
- Катты даярдаган Бекболот Талгарбеков болгон деп айта алам.
PS: Бүгүнкү сотко айыпталуучулардын бардыгы келди. Алардын арасында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, саясатчы Бекболот Талгарбеков, мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, ошондой эле Эмилбек Узакбаев, Аалы Карашев жана Курманбек Дыйканбаев бар.
Айыпталуучуларга “бийликти күч менен басып алууга даярдануу” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып коюлган.