www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талант Бегалиев Талас облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальниги кызматына 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.

Бул тууралуу тиешелүү булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 22-июндан тарта расмий түрдө кызматтык милдеттерин аткарууга киришти.

Талантбек Шабданович Бегалиев 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун аяктаган.

Эмгек жолу ар кыл спорттук жана башкаруучулук тармактарды камтыйт. Ал өз ишмердүүлүгүн Фрунзе шаарынын Октябрь районунда баштап, кийин Ленин районундагы №5 балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде машыктыруучу болуп иштеген. Ошондой эле Москва районундагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебин директор катары жетектеген.

Мындан тышкары, 2021-жылы Грецияда өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү болуп, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери наамына ээ болгон.

Жаңы жетекчинин дайындалышы Талас облусунда спорт тармагын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам катары бааланууда.

Последние новости