www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык сотуна Ички иштер министринин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановго карата баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча материал келип түшкөн эмес. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, борбор калаанын Биринчи Май райондук соту дагы деле документтерди жөнөтө элек. Анын үстүнө, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин электрондук версиясында да каттоосу жок. Эмне себептен экени түшүнүксүз.

"Курсан Асановго 9-октябрдагы башаламандыкты уюштурууга катышкан деп айып тагылууда. Эмне себептен экени таптакыр түшүнүксүз. Ал ошол эле күнү Ала-Тоо аянтында трибунага чыккан эмес жана жалпысынан нааразы болгондордун арасында болгон эмес. Биринчи инстанциянын чечими менен ал 10-декабрга чейин УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Бирок биз деле болсо даттана албай жатабыз” – деп нааразы болду адвокат.

Эсиңиздерге сала кетсек, Бишкектеги 9-октябрдагы массалык башаламандыктан кийин УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармаган. Ал массалык баш аламандыкты уюштурган деп айыпталууда, бирок анын баш коргоо чарасы карала элек. Сот иш боюнча айыпталуучулардын калган бөлүгү: Темирлан Султанбеков, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев жана Курсан Асанов үчүн баш коргоо чарасын тандады. Алардын бардыгы эки айга камакка алынган. Ал эми Темирлан Султанбеков үй камагына чыгарылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости