www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соцфонд өзүнүн банкын түзүүнү көздөп жатат. Максаты

Министрлер кабинети пенсиялык фонд түзүү планын убактылуу токтотконун Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

"Учурда Соцфонддун эсебинде турган каражат банктарга депозит катары берилип келет. Банк аларды керектөөчүлөргө берип, өзүнүн пайдасын көрөт. Биз өзүбүздүн социалдык банкыбызды түзүүнү көздөп жатабыз. Бирок бул кандайча ишке ашары азырынча белгисиз, балким, өлкөдө иштеп жаткан банктардын бирин сатып алабыз", ― деди ал.

Алиев белгилегендей, учурда долбоор этаптык баскычта турат.

"Чакан жана орто бизнести ортомчуларсыз каржылап, керектөө насыяларын бере алабыз. Ошого жараша насыянын пайыздары эки эсе төмөндөйт. Мындан тышкары, ипотекалык насыя менен алектенип, үйлөрдү өзүбүз кургубуз келет. Эгер банкыбыз болсо анда бизге ортомчулардын кереги жок болмок", ― деп кошумчалады Алиев.

Соцфонддун жетекчисинин айтымында, мындай учурда ипотекалык насыянын өлчөмүн үч пайызга чейин төмөндөтсө болот. Долбоор эки жумадан кийин министрлер кабинетине сунушталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости