www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айылчы Сарыбаев:

Саясатта өзүнүн орду бар салмактуу инсандардын бири, экономист Айылчы Сарыбаев социалдык тармактан өзүнүн саясатка болгон көз карашын ар дайым ачык жазып келет.  Сарыбаевдин кезектеги пикири. 

--Бир кызык заман болду. Азыркы оппозицияны азыркы өкмөт камайт же сабайт. Азыркы өкмөттү кийинки өкмөт камайт же сабайт.

Бишкектин көчөсүндө айдоочу көчөдөн айдагандан коркот, жөө адамдар көчөдөн өткөндөн коркот.

Ошолордун бала бакырасынын келечеги үчүн жакшылык каалагандар ошолордон запкы жейт. Эмне десе «Эртеӊки куйруктан бүгүнкү өпкө артык» деп.

Убагында тоголок арыз (азыркынын «Фейк»тери) каралбасын деген жазылган да жазылбаган да мыйзам бар эле. 1937-жылы бирине бирин каралатып камап атышкан. Азыр болсо фейк жаздырып же монтаждатып камап жатышат.

Азыркы фейк жаздыргандарга эртеӊ кайра өзүнө фейк жазыш профессияга айланды. Ачка отургуча айранга нан туурап же принциби менен. Кызмат берип акча төлөсө болду дешет.

Принциби жок адамдар принципиалдууларга акыл үйрөтөт же баласы атасына кантип бала туудурушту үйрөтөт дегендейлер «Балтыр бит башка чыгат» болушту.

Айтор көчмөн мезгилдеги «Жоокерчилик заманы» деген заман кайра келди окшойт. Сак болгула чынчылдар. Текебаевдей таяк жейсинер, - деп жазган Айылчы Сарыбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости