www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЮНЕСКО 2013-жылдын 4-декабрында «Манас» эпосун кыргыз элинин тарыхий баалуулуугу деп таанып, ушул күнү эл аралык «Манас» эпосунун күнү аталып калган. Эми ЮНЕСКОнун 41-сессиясынын пленардык жыйынында Кыргызстандын демилгеси менен “Мөңгүлөргө мониторинг жана изилдөө жүргүзүүнү кеңейтүү” деген жаңы резолюция бир добуштан кабыл алынды. Бул демилгени президент Садыр Жапаров быйыл сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында көтөргөн. Бардык мамлекеттердин жалпы колдоосу менен Кыргызстандын резолюциясына ЮНЕСКОнун төмөнкү мүчө-мамлекеттери демөөрчүлүк кылды: Орусия, Швейцария, Өзбекстан, Сербия, Бангладеш, Кытай, Эфиопия, Филиппин, Тунис, Испания, Мадагаскар, Аргентина, Конго Демократиялык Республикасы, Түштүк Корея, Италия, Беларус, Кения, Габон, Намибия, Казакстан, Исландия, Улуу Британия жана Австрия.
Советтер Союзунун Илимдер Академиясы 1940-1970-жылдары Борбор Азиядагы мөңгү системасын изилдеп, 1976-жылы 22 томдон турган мөңгүлөрдүн каталогун жарыялаган. Анда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 8076 чарчы чакырым деп көрсөтүлгөн. Каталог 2013-жылдан кийин гана жаңыланып, соңку 50 жылда мөңгүлөрдүн аянты 6683 чарчы чакырымга же 16-17% кыскарып кеткени белгилүү болду. Гляциологдор алдыдагы 50 жылда майда мөңгүлөр эрип жоголуп, чөлкөмдө кургакчылык болот деп коңгуроо кагып жатышат.
«Манас» эпосу 2009 –жылы Кытайдагы кыргыздардын атынан ЮНЕСКОго катталып кетти. Муну уккан мекенчил жигиттердин арасында ыза отуна тумчуккан Карганбек Самаков 2010-жылдан баштап дээрлик үч жыл башын канжыгага байлап коюп, Манас атаны кыргызга кайрып келиш үчүн үй-жайын таштап, Париж менен Бишкектин ортосунда чапкылап калды. Алтайдан Ала-Тоого эр Манастын келиши бир тең болсо, Парижден Бишкекке «Манас» эпосунун келиши бир тең болуп, Карганбек Самаковдун канча нервдери короп, акыры тилегине жетти. 4-декабрь эл аралык «Манас» эпосунун күнү, бул күнү Бакуда ЮНЕСКОнун жыйыны өтүп Карганбек Самаковдун демилгеси менен «Манас» үчилтиги баалуулуктар мурасына кошулган.
Арсылдап үрүп, арсыз обонун созгондор, «Манас» эпосуна асылгандар түбү оңбой калчу эле. 90 жыл мурун «Манас» эпосунан кынтык таап, аны колдогон Тыныстанов сыяктуу көп кыргыз патриотторду, 70 жыл мурун Байжиев, Бектенов, Саманчиндерди каматып, акыры алар туура бааларын алган, Карганбек Самаков да 157 мамлекеттин макулдугун алып, «Манас» эпосун дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп, ЮНЕСКОдо 198 мамлекеттин колдоосун жеңип келген. Бул ишке жеке эсебинен миллиондорду жоготкон Карганбек Самаков «Манас» эпосун кыргызга алып келгени үчүн рахат отуна бөлөнүп турганда, кыргыз эли кошо сүйүнүп, кош колдоп колдоп турса да, ич күйдүүлүгү ай- асманды сермеп турган, адам келбетин кийишкен желдеттер аяшкан жок. Арийне, эр Манастын арбагы өзү батасын берди болуш керек! Кытайдан Манасты кайырып келип, ааламга боз үй, ала кийиз менен шырдакты тааныткан, кыргыздын патриоту, бирок ага тагылган жалаалардан улам, эл сүйбөгөн жерде акыйкаттуулукту күтүп отурган, оор дооматтардан кутулуу үчүн үмүт шооласы чачырап, эли үчүн ак кызматын кайрадан кылууга даяр, заманыбыздын залкар уулдарынын бири Карганбек Самаков.
Илгери Маркс Европада бир караан жүрөт деп айткандай, чын эле Парижде, ЮНЕСКОдо бир кыргыз карааны жүрөр эле, кыргыз үчүн иш бүтүрүп. Учурунда Карганбек мырза “Ата-Мекен” партиясы бутунан туруп кетиши үчүн эбегейсиз көмөк көрсөткөн. Бакиевдин убагында мантыга албай турган бул партияга Самаков өз салымын кошкондон аянган эмес. Ал эмес, бул партияны ирдентиш үчүн 2006-жылы спикерден кеткен Текебаевди кубаттап, парламентте комитет мыкчып турганына карабай, Бакиевдик бийликке каршы чыгып “Ата-Мекен” партиясына кирген. 2007-жылы декабрда болгон парламенттик шайлоодо «Ата-Мекен» партиясына каршы бийлик катуу иштейт, «Ата-Мекенчилерди» колдогон Теңир-Тоо аймагында шайлоо бюллетендерин урнасы менен жоготушуп, «Ак Жолду» колдогон урналарды алып келет. Ачык эле зулумдук менен Карганбек Самаковдорго бут тосулуп, «Ата-Мекен» паламентке өтпөй калат. Нарындын губернатору Торугарт бажысын 60 чакырым бери жылдырып, Жетм темир кенине көз артышып Жетим тоосуна кытайлыктардын жүргөнүнө шарт түзүп бергенде, Карганбек Самаков нарындык колдоочулары менен каршы чыккан.Жетим кени желип кетерде, Сандык алюминий кени бир ооз кептер менен калкылдап учуп баратканда калкы үчүн коргошундай ээрип кеткиси келген Карганбек Самаковдун элдик позициясы сактап калган. Ушундай теңсиздиктен улам 2010-жылдын башында электрге, коммуналдык тейлөөгө баанын кымбатташы, соткага кошумча 60 тыйын ашык төлөп, ТЭЦ жана башкалар сатыла турган болуп жатканда нарындыктар бийликке каршы чыга баштайт. Бул акыры барып бийликтин алмашышына алып келет.
Бийликти алмаштырууда Теңир-Тоонун ролу чоң. 2010-жылы парламенттик шайлоодо Теңир-Тоо аймагы “Ата-Мекен” партиясынын башкы таяна турган ордосуна айланган. Теңир-Тоолуктардын колдоосу менен “Ата-Мекен” партиясы ЖКга келишкен. Карганбек Самаков парламенттин депутаты катары комитет жетекчилик милдетти аткарат, ошону менен бирге кыргыздын тарыхий баалуулуктарын ЮНЕСКОдон каттатканга аракет кылат.
Карганбек Самаковду ойлосок, албетте ЮНЕСКОнун элеси жарк дей түшөт. Карганбек Самаков алгач кыргыздын ала кийиз, шырдагын ЮНЕСКОдон өткөзгөн. Ал Кытай мамлекети баалуу мурас катары өткөзүп алган «Манас» эпосунун үчилтигин Парижден баалуулуктар мурасына өткөзүү үчүн, ал жердеги негрлерге чучук жедирип, көптөгөн акча каражаттарын сарптап «Манас» үчилтигин кыргызга алып келген. 2013-жылы 4-декабрда өз каражаты менен канчалаган манасчыларды, журналисттерди Баку шаарына алып барып келди. Ушул тарыхий окуяга катышуу мүмкүнчүлүгү болгонун жашырбай кетейин, мен бир тууганым белгилүү акын Шербет Келдибекованы акыркы сапарга узатып Баку шаарына барбай калгам. Карганбек Самаковдун демилгеси менен «Манас» үчилтиги Кыргызстанга кайтып келди, 4-декабрь бүткүл дүйнөлүк «Манас» эпосу күнү катары дүйнөгө таанылды. Ал кездеги Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев зор кубаныч менен Карганбек Самаков башында турган делегацияны кабыл алып, бул күн бүткүл элдик майрамга айланган. Көпчүлүктүн оюу ушул эмгеги үчүн «Кыргыз эл Баатыры» наамын бербесе да, жок дегенде «Манас» ордени менен бийлик тарабынан сыйланышын күтүп калган. Көрсө, бийликтеги кээ бир «котур ташын койнуна каткандар» ичи тарып, Самаковго билгизбей ор казып жаткан экен.
Ал эми кадимки эле кыргыздын боз үйүн Кытай мамлекети казактар менен биригип өздөрүнө каттатып аларда Карганбек Самаков киришип, кыргыз эли үчүн төшүн тосуп берип жатканы да чоң иш болгон. Бул жерде элибиздин белгилүү уулу маркум Чыныбай Турсунбековдун эмгегин да айта кетишибиз керек. Эмне үчүн баалуулуктар мурасына өткөзүп жатат? Анткени, азыркы туристтер кайсы мамлекетке барарын, эмне баалуулуктар мурасы бар экенин аныктап алышат экен. Карганбек Самаков келечекте туристтер Кыргызстанга агылыш үчүн, негрлерге чучук сугунтуп, кыргызга тиешелүү мурастарды кыргызга каттатып жатат.
Биздин мамлекетте бөйрөк оорусунан катуу жапа чегип, гемодиализ аппаратына муктаж болгондордун саны арбып баратат. Кан тазалай турган гемодиализ аппараты арзан баада сатып келе койчу аппараттардан эмес. Карганбек мырза да өткөндө бир келгенде: “Бул кымбат баалуу аппараттан онду чечип бериңиздер” деген экен. Жогорку сапаттуу, кымбат баалуу мындай аппаратты дүйнөгө атагы чыккан жапондук “Токушюкай Медикал Корпорейшн” корпорациясы берген. Аны ушул корпорациянын президенти Торао Токуда кабыл алып, бул аппаратты чечип берген. Кыргызстандык төрт медицина кызматкери Жапонияга барып, ушул аппаратты иштеткенди окуп-үйрөнүп, гемодиализ аппаратын алып келишти. Муну менен Карганбек Самаков бөйрөк оорусу менен ооругандардын алкышына татыктуу болгон. Карганбек Самаковдун демилгеси менен Бишкекте Жапон медициналык борбору курула турган болуп чечилген. Карганбек мырза санжыраны сүрүштүрүп отуруп кыргыз менен жапондун туугандыгын тактап чыккан соң, жапон туугандар кезекте турган көп өлкөлөр бар экенине карабай “безочрет” куруп бермей болгона. Кийин барганда Торао Торуда тууган менен бул маселелер талкууланылып, макулдашылган, буга чейин бул маселени “Кыргызстан-Кагошима” уюму да бышыктап, Самаковду колдоп беришкен. Жапондун медициналык борбору жаңы типте, модернизацияланган, эң алдыңкы технологиядагы медициналык борбор болоруна шек жок эле.
Ушул эле ЮНЕСКОдон Чүйдүн байыркы шаарларын баалуулуктар мурасына ѳткөзүп келгени да эл үчүн кылгандары. Катардын шейхи отурган жерде Кыргызстандын Суяб, Баласагын, Невакет тарыхый шаар калдыктарын ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизген. ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Карганбек Самаков баштаган делегация барган. Чүй өрөөнүндө орто кылымдарга таандык шаар калдыктары бар. Мындан ондогон кылымдар мурун гүлдөп өнүгүү доорун баштан кечирген Суяб, Баласагын, Невакет шаарлары Улуу Жибек Жолунун боюндагы батыштан чыгышка, чыгыштан батышка каттаган кербендерди тосуп-узатып турган негизги шаарлардан болгон. Мына ушул шаар калдыктары жөн гана тарыхый эстелик болбостон, кыргыз элине таандык белгисиз болуп келген тарыхый маалыматтарды да өз кучагына камтып жатканында шек жок. Аталган шаар калдыктары ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарынын тизмесине катталып калды, эми ага байланышкан тарыхый маалыматтарды изилдөөгө да ыңгайлуу шарт-жагдайлар түзүлдү. Самаковдун демилгеси менен ушул тарыхый шаарлар ЮНЕСКОнун каттоосуна кирип, ал туурасындагы маалымат бүткүл дүйнөгө тарап, Кыргызстанга келе турган туристтердин кызыгуусун арттыра баштады. Ошону менен бирге эле кыргыз мамлекети, анын кылымдарды камтыган тарыхы дүйнөгө таанылат.Бул жагынан караганда да Суяб, Баласагын, Невакет шаарлары Улуу Жибек Жолунун тутумундагы байыркы шаарлар катары атагы алыска угулуп, жаңы заман шартына ылайык кыргыз элине кызмат кыла баштады. Дал ушул жагдайларды эске алганда, Карганбек Самаков баштап бараткан бул иштин мааниси зор болгон.
Башкысы аны эч нерсе жасаган жок деп сындагандар көп. Алар үчүн, албетте, анын жардамын жазып отурсак толтура. Элдин келечеги үчүн өз жүрөгүн ДЗОТко тосуп, Кытай сыяктуу зор мамлекеттер менен талашып, элге кызмат кылды. Кыргыздын улуттук оюндарын кыргыз элине кайтарып алуу үчүн, Самаков жанталаша баштаганда анын аркасынан көрө албастардын суук тумшугу көрүнө баштады. Бул иштеринин жыйындысы анын кадыр-баркын ого бетер көтөрүп, ичи тарлардын «жемине» айлантты. Көкүрөгү көрлөр көрө албастыктын айынан Карганбек Самаковду ушак, жалаа менен айыпташып 10 жылды моюнуна илип салышкан. Муну билген эми кайсы кыргыздын чыгаан жигити батынып эл үчүн кызмат кылат?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg