www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык фонддун аппарат жетекчиси Акылбек Байдылдаев аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринен мыйзамсыз түрдө каражат чогулткан деген шек менен кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы сотко чейинки өндүрүш ачып, Соцфонддун кызмат адамдарынан турган топ өзүнө караштуу аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин мажбурлап, системдүү түрдө тынымсыз акча жыйнап турганын аныктаган.

"Тергөө маалында мыйзамсыз иштерди уюштурган Социалдык фонддун аппарат жетекчиси А.Б. экени белгилүү болду. Ал ар бир аймактык бөлүмдөн ири суммада акча жыйнап турган. Анын тапшырмасын аткаруу үчүн кээ бир жетекчилер Соцфонддун эсебиндеги каражатты "ар кандай чыгымдарга жумшалды" деп чыгарып берүүгө аргасыз болгон", - деп айтылат маалыматта.

Мындан улам Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жазык кодексинин 98-беренеси менен аппарат жетекчини бүгүн, 17-ноябрда, кармаган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости