www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

63 жыл чогуу жашаган италиялык жубайлар коронавирус менен ооруп, бир күндө каза болушту.

Винченцо менен Ольга Молино Миландын четиндеги Сесто Сан-Джованни шаарында жашашкан. Алар 18 жашында Пуглияны түштүгүндө таанышып, 1957-жылы Миланга көчүп кетишкен.

Молинолордун алты небересинин бири билдиргендей, сентябрь айынын аягында жубайлар үйлөнүү тоюнун 63 жылдыгын белгилешкен. Анын айтымында, 82 жана 83 жаштагы пенсионерлер он күнгө жакын ооруп жатышкан. Дене табы абдан жогору болгонуна карабастан, алар дарыгердин келишин күтүшкөн эмес; сасык тумоонун алдын-ала диагнозу менен аларга антибиотиктер жазылган. Жубайлар 11-ноябрда Монзадагы ооруканага түшүшкөн. Тез жардамга барардан мурун, алар кандагы кычкылтектин каныккандыгын аныкташкан: Винченцо үчүн 68%, Ольга үчүн 86%. 

Ооруканада алар бири-биринен айры палаталарда жатышкан, бирок, Ольга күйөөсүнүн күрмөсүн жанына сураган. Мындай суранычын ал: “Бири-бирибиздин жаныбызда боло албайбыз, бирок, мен анын жытын сезип, жанымда деп элестетким келет”- деп ачыктаган.

Тилекке каршы, жубайлар жекшемби күнү аралыгы бир саат айырма менен каза болушту. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости