www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 3 миң тонна буудай берди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Билдирүүгө караганда, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда эң жогорку жана жогорку деңгээлдерде жетишилген макулдашууларга ылайык, кечээ, 17-ноябрда Ош шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен өлкөдө коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында Өзбекстандан Кыргызстанга 3 миң тонна буудай түрундөгү азык-түлүк жардамын өткөрүп берүү аземи болуп өттү.

Өзбек тарабы темир жол аркылуу азык-түлүк жардамын Ош шаарынын станциясына жеткирип, Кыргызстандын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимовго тапшырды.

Иш-чарага КР Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун, “Кыргыз темир жолу” УК мамлекеттик ишканасынын жетекчилери, КР Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык органдарынын өкүлдөрү жана ЖМКлар катышты.

Белгилей кетсек, жакынкы аралыкта Бишкек шаарында жана Баткен облусунун Кадамжай районунда 400 орундуу өзбек тарабынан курула турган эки инфекциялык оорукана үчүн Кыргызстанга модулдук конструкцияларды жеткирүү күтүлүүдө.

Тапшыруу аземинин жүрүшүндө кыргыз тарабы Кыргызстанда коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдө кезектеги жардамы үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жана бүтүндөй Өзбекстан элине чын дилинен ыраазычылыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости