www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчылары, баатырлар деле укташат. Манас баатыр коңуругун кош тартып уктаганда, эч ким ойгото албай найза менен сайып ойготчу экен. Садыр Нургожоевич  камакта жатып, камактан чыгар менен мамлекет башкарып, жакшы уктай албай жүргөн экен. Жакында жарпын жазып, бир эс алып катуу уктаптыр. Кантип ойготконун ким билет. Ал камакта кезде соцтармактар аркылуу баарлашып турчубуз, экөөбүз бир уруудан болгондуктан, “байке, аба” дечү, эми мамлекет башкарып, анын уктаганга да убакыты жок калды.

Сооронбай Шариповичтин да уктаганга убактысы жок эле, ошондуктан кээ бирде гана көз ирмеп, куш уйку сала койчу. Ал жер-жерлерди кыдырып жыйын өткөндө атка минерлердин көпчүлүгү жыйындарда эле уктап калышчу. Мисалы: Жалал-Абадда жыйын өтүп жатса губернатору баш болуп уктап калышыптыр. Аябай ачууланган.

Владимир Владимирович төрт саат гана көз ирмейт экен. Он саат Кошмо Штаттарды ойлоп, он саат Орусия Федерациясын башкарса керек.

Касым-Жомарт Токаев эл сыяктуу сегиз саат эле уктайт. Он саат Нурсултан Абишовичти ойлоп, алты саат Казакстанды башкарса керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости