www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Түркияда кайрадан чектөөлөр киргизилди

Кечээ, 17-ноябрда президент Режеп Тайып Эрдоган Түркияда кайрадан коронавирус чектөөлөрү киргизилгенин кабарлады. Чечимге ылайык, дем алыш күндөрү эртең мененки саат 10дон кечки 8ге чейин элдин көчөгө чыгышына тыюу салынды.

Маалыматка ылайык, буга Түркияда акыркы жумаларда коронавирус жугузуп алгандар жана ооруканаларда бейтаптар көбөйүп жатканы себеп болду.

Кабыл алынган чечимге ылайык, жашы 65тен ашкан жана 20 жашка чейинки жарандардын күн сайын көчөгө чыгышына да чектөөлөр бар жана орто мектептерде билим берүү жыл аягына чейин дистанттык негизде улантылмай болду.

Буга кошо Түркиянын бардык аймактарында ресторан-кафелерден тамактанууга болбойт. Ал эми тамак-ашты үйгө ала кеткенге гана уруксат берилет.

Токтомдун негизинде, коомдук жайларда чылым чегүүгө толугу менен тыюу салынып, ири өлчөмдө айып пул салынары маалымдалган.

Эске салсак, Түркияда коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу 11-мартта катталган. Ошол кезде өлкөдө ресторандар, соода борборлору, коомдук жайлар жана мектептер жабылган. 1-июнда чектөөлөр алынып, жарандарга беткап тагуу милдеттендирилген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости