www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык фонддун Сокулук районундагы башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

УКМК Кылмыш-жазык кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 19-январда Социалдык фонддун Сокулук районундагы башкармалыгынын жетектөөчү адиси З.Э.З.ны пара алып жаткан жеринен кармады.

17-январда Сокулук районунун тургуну З.Э.З.га акыркы 10 жылда төлөгөн социалдык чегерүүлөрү боюнча көчүрмөнү сурап кайрылган. З.Э.З. социалдык чегерүүлөрдө айрым мыйзам бузуулар бар экенин айтып, буга байланыштуу акчалай сыйлык үчүн анын маселесин чечип берүүнү сунуштаган.

Азыркы учурда З.Э.З. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости