www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиялык "Спутник V" вакцинасы коронавирустун “омикрон” штаммынан коргоо боюнча эффективдүүлүгү Pfizer препаратына караганда эки эсе жогору. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын түз инвестициялар фонду жана Гамалея атындагы борборуна таянуу менен билдирди.

Россиялык "Спутник V" вакцинасы коронавирустун “омикрон” штаммынан коргоо боюнча эффективдүүлүгү Pfizer препаратына караганда эки эсе жогору

Изилдөө Италиянын улуттук Lazzaro Spallanzani инфекциялык оорулар институту менен биргеликте жүргүзүлгөн.

"Спутник V" вакцинасы “омикронго” каршы вирусту жок кылуучу антителону пайда кыларын көрсөттү. Анын эффективдүүлүгү Pfizer вакцинасынын эки дозасынан эки эсе жогору турары аныкталды”, — деп жазылган изилдөөнүн жыйынтыгында.

Мындан сырткары, адистер “Спутник Лайт" препаратын бустердик негизде алуу “омикронго” каршы активдүүлүктү көбөйтөт деген тыянак чыгарган.

Ошондой эле россиялык жана италиялык окумуштуулар “Спутник лайт” менен экинчи ирет эмделүү ден соолукту коргоонун эң мыкты жолу экенин белгилейт. Аденовирустук платформанын оптималдык конфигурациясынын жардамы менен “Спутник Лайт” “омикрон” жана башка мутациялардан коргошу толук мүмкүн.

Италиянын Спалланцани институтундагы изилдөө бирдей лабораториялык шартта жүргүзүлгөн. Анда "Спутник V" жана Pfizer менен эмделген адамдардын канынын үлгүсү алынган.

Вакцинация инфекция менен күрөшүүнүн эң эффективдүү ыкмасы. Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашконун айтымында, COVID-19 менен ооругандардын арасында эмделгендер төрт пайыздан ашпайт, абалы оорлошкондор бир пайыз. Ооруканадагы бейтаптардын басымдуу бөлүгү вакцина албагандар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости