www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский Американын лидер Джо Байдендин «орусиялык майда агрессия» тууралуу сөздөрүнө комментарий берди.
Америка Кошмо Штаттарынын башчысы бийликте турганынын бир жылдыгына арналган пресс-конференцияда «Орусиянын Украинага кичине басып кириши» кеңири масштабдуу реакцияга караганда Вашингтон менен союздаштарынын токтоо реакциясына алып келиши мүмкүн деп билдирди. Украинага ири масштабдуу кол салуу Орусия үчүн «катастрофа» болот, орус президенти Владимир Путин болсо Батыштын болуп көрбөгөндөй санкциясына кабылат.
«Улуу мамлекеттерге майда агрессия жана майда улуттар жок экенин эскерткибиз келет. Кичинекей курмандыктар жок жана жакындарын жоготкон аз кайгы», - деп жазган Зеленский.
Сөзүнүн аягында ал «улуу державанын президенти» деп кол жыйынтыктаган.
Эске саслак, буга чейин Байлен Украинага ири масштабдуу кол салуу Орусия үчүн "катастрофа" болот, орус президенти Владимир Путин болсо Батыштын болуп көрбөгөндөй санкциясына кабыларын билдирген.
Булак: NazarNews.kg