www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова жана анын орун басары Лунара Мамытова 1-октябрда Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Бул тууралуу "Азаттыка" башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык эки жетекчи бюджеттик каражаттан чет өлкөлөргө чыккандыгы тууралуу маалымат берүү үчүн суракка чакырылган. Исакунова жана Мамытова түшүнүк кат жазып чыгышкан.
Буга чейин 24-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева "Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөрдөгү саякаттарын текшерүү зарыл" деп билдирген. Анын айтымында, катардагы адистер чакырылган иш-чараларга министр жана анын орун басарлары өздөрү барып жүрүшкөн. Аида Касымалиева "мамлекеттик кызматкерлер эс алууга чыкканда дипломатиялык паспортторун колдонуп жүргөн" деп билдирген.
Министрдин орун басары Лунара Мамытова өзүнүн дипломатиялык паспортун кызматтык максатта гана колдонуп келгенин айтып, мындай айыптоолорго эч негиз жок экендигин айткан.
Булак: NazarNews.kg