www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өгөй атасы тарабынан сабалган алты жаштагы Рамазандын энеси баладан баш тарткан жок. Бул тууралуу журналисттерге Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, баланын апасы чоң энесине убактылуу асыроого гана таштап кеткен. Анткени, буга чейин деле ал иштегени кеткен учурларында баланы Ат-Башыга таштап кетчү. 

Бирок, баланын адвокаты Шердор Абдыкапаров билдиргендей, баланы чоң энеси толук асыроого алуу үчүн бардык документтер даяр, апасы гана кол коюусу керек.

Буга чейин адвокат алты жаштагы Рамазандын энеси баладан баш тартканын, чоң энеси баланын расмий асыроочусу болгонун билдирген.

Эске салсак, буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну Бишкек шаарынын Октябрь РИИБне 33 жаштагы күйөөсүнө чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Аялдын айтымында, анын күйөөсү 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү, болжол менен түнкү саат 00:00 чамасында 2014-жылы туулган жашы жете элек уулун эч себепсиз сабаган. Бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө КР “Жүрүм-турумдар жөнүндө” кодексинин 75-беренесине ылайык катталган. Андан ары, иштин материалдары Сокулук районунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилип, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кийинчерээк баланын энеси күйөөсүнө доо-арызым жок деп тосмо арыз жазганы маалым болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости