www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын үчүнчү кварталында жумушка орношууга арыз берген 406 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын ичинен 113ү жумушка орношкон. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 73 жумушсуз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам кесиптик билим алууга жана 137 адам акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жөнөтүлгөн.

Министрликтин маалыматы боюнча, 2020-жылдын 1-октябрына карата министрликтин облустук жана шаардык иш менен камсыз кылуу бөлүмдөрүндө 652 ДМЧА катталган, алардын 315и аялдар.

"Арыз берген бардык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын психологиялык, физиологиялык жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн консультация алышат жана сурамжылоо өткөрүлөт, анткени көптөгөн бош кесиптердин айрым медициналык каршылыктары бар", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости