www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуялары боюнча сот отуруму өтүп жатат. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да катышууда. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 28-октябрда №47 колонияга которулган.

Эске салсак, Кой-Таш окуялары боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14үнүн иши сотко өткөн. Аларга Кылмыш кодексинин «Адам өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Барымтага алуу» беренелери менен айып коюлган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости