www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы соттолгон саясатчы, активист жана журналисттерге козголгон кылмыш иштин мыйзамдуулугун, сот чечимдерин кайра кароо, териштирүү, тергөө маалындагы мыйзам бузууну иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап жатат. Бул багытта Жогорку Кеңешке кат жолдонду. Комиссия түзүү маселеси парламенттин бүгүнкү жыйынынын күн тартибине киргизип, талкууланарын депутат Каныбек Иманалиев билдирди.

11-апрелде Жогорку Кеңештин он эки депутатынан турган “Парламентаризм үчүн” клубунун мүчөлөрү соттолгон, камалган саясатчылардын туугандары, адвокаттары менен жолуккан. Анда чогулгандардын бир топтору укук коргоо органдарынын жетекчилерин, ишти караган судьяларды жоопко тартууну талап кылышкан.

"Саясий туткундарды коргоо комитети" деп аталган бейөкмөт уюмдун маалыматына караганда, ушу тапта саясий негизде куугунтукталган деп эсептелгендердин саны 30дан ашат. Комиссия түзүлүп, 30дан ашык киши саясий буйруктун курмандыгы болгону аныкталса, аларга карата сот чечимдери кайра каралышы мүмкүн.

Кыргызстанда учурда Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Бектур Асанов баштаган бир катар саясатчылар түрмөдө отурушат. Соттолгондордун арасында мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова да бар. Аларга коррупция, бийликти басып алуу сыяктуу айыптар тагылган. Ошондой эле Нарын Айып, Дина Маслова өңдүү журналисттерге, укук коргоочу Чолпон Жакуповага да мурдагы бийликти сындаган макалалары, пикирлери үчүн ири өлчөмдө айып салынган. Соттолгондордун баары сот чечимдерин саясий буйрутма деп баалашат.

Азаттык

Последние новости