www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров добуш сатуу жана сатып алуу мыйзамга туура келбей турганын айтып, мындай учурда эки тарап тең жоопко тартыларын эскертти.

Билдирүүсүн президент Facebook баракчасына жарыялаган.

«Шайлоодо добушун саткан да, сатып алып жаткан жарандар да жоопко тартыласыңар. Бир жарым жылдан эки жарым жылга чейин соттолуп кетесиңер. Жазык кодексинде ушундай берене бар.

Ошондуктан, шайлоочулар добушуңарды сатпагыла, талапкерлер сатып албагыла. Эгер ушундай көрүнүштөр боло турган болсо, укук коргоо органдары катуу чара көргүлө!

Мындан ары Кыргызстанда таза шайлоо салтын орнотобуз. Буга чейинки шайлоолор тарых болуп кала берсин», — деп жазылган мамлекет башчынын постунда.

Жапаров ошондой эле, билдирүүсүнүн алдына Жазык кодексиндеги 192-беренени тиркеп койгон.

Анда шайлоочулардын добушун сатып алгандар менен добуш саткан жарандар кандай жазаланары жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости