www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 14-ноябрда аткезчилер менен чыр-чатак учурунда Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары эскертүү иретинде ок атууга аргасыз болгонун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен маалымдалды.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Таза-Суу жерлигинде Ак-Дөбө айылынын элүү чакты тургуну Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз мал айдап өтүүгө аракет кылып жатышканда токтотулган.

Чек арачылардын мал айдап өтүүнү токтотуу талабына алар баш ийген эмес. Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө үчүн чек ара кезмети асманга эскертүү иретинде үч жолу ок чыгарышкан.

Окуя болгон жерге Ала-Бука чек ара отрядынын командири жана Аксы райондук ички иштери бөлүмүнүн кызматкерлери келип Ак-Дөбө айылынын жергиликтүү жашоочулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөндөн кийин топтолгондор тарап кетишкен.

Өзбекстан окуя тууралуу расмий комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости