www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Апрель баатырларын» Улуу ата-мекендик согуштун баатырларына теңеген, күрп тоок жөжөлөрүн коргогондой канатына баккан Атамбаевдин көчүгүнө «баатырлар» суу куюп, Жээнбеков тарапка өтө качкан соң булар «баатырлар» эмес эле, эптеп жанын сактап жүргөн «күн тийген жердин күкүктөрү» турбайбы деген ой эл арасында пайда болду.
Атамбаевдин аркасы менен жанын баккан Апрель баатырларына алгачкы соккуну Акаевдин вице-премьери Бекболот Талгарбеков урган. Ал апрель окуясы учурунда 17 адам гана каза болгон, калгандарды өлүктөрдүн санын көбөйтүү үчүн мародёрчулук менен каза болгондорду жана башкаларды кошуп коюшкан деп айтып чыккан.
Парламенттик шайлоонун үгүт иштеринде Адахан Мадумаров андан да ашып, коомчулукту дүрбөттү. Ал эмес ар кимге шыйпалаңдап көнүшкөн кээ бир «апрель баатырлары» боюнча коомдук уюмдар бийликке шыйпалаңдашып Мадумаровду кабанаак иттердей талап киришти.
Мадумаров шайлоочулардын 2010-жылы апрель окуясында ок жеп каза болгондор тууралуу суроосуна мындайча жооп берген: “Мен көз карашымды 11 жылдан бери айтып келатам. Бардык нерсени өз ордуна коюш керек. Эч ким далилдей алган жок. Ошол өлгөн балдардын бирөөнө да алдынан ок тийген эмес. Бирөөнүн да денесинен алынган ок Кыргызстандын аскерлеринин мылтыгынан чыккан ок эмес. Көбүнө ок аркасынан тийген. Аңчылыкка колдонулган мылтыктан чыкканы аныкталды”.
2010-жылы апрель окуясында ок жеп каза болгон 90го жакын баланын өлүмү тууралуу Мадумаровдун бул сөзү Талгарбековдун сөзүнөн ашып кетти. Апрель революциясынан кийин Камчы Ташиевдей УКМКны жетектеген, Акаевдин ички иштер министри, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев жооп берди: “Адахан Мадумаровдун өзүнөн кайсы медициналык экспертизанын жыйынтыгы тууралуу сүйлөп жатканын сураш керек эле. Мадумаров айтып койсо эле боло береби? Же тергөөдө аңчылык курал колдонулганы жазылыптырбы? Андай жок да. Саясий упай топтойм деп эле ар кайсыны сүйлөй берген болбойт”.
Акыркы мезгилде апрелде болгон бийлик алмашууну колдогондордун саны Атамбаевдин жийиркеничтүү саясатынан соң азайып калган. Атамбаев жөжөсүн коргогон күрп тооктой болуп колдой турган Апрель баатырларын азыр эч ким деле колдобойт. Бирок чоң саясатчылардын айткандарынын чындыгына чыгып коюш керек эмеспи...
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg