www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыл-эстүү олигахтар ичинде бул ирет Бабанов бөлүнүп турат. Былтыркы парламенттик шайлоодо мурунку Атамбаевдин учурундай экинчи орунду алам деп жулунган Бабанов парламентке өтпөй калган. Башаламандыкты уюштуруп жибергенден майнап деле чыкпады. Бабанов Атамбаев абисин баштап келип бийликти ээлеп алуу ою да ишке ашкан жок. Быйылкы шайлоодо Бабанов бийик обонго салып шайлоого катышпайм деп ачык жарыялады.

Бирок ал үчүн өзүнүн жакын санаалаштарын бийлик бутагына илээлештиргени көпчүлүккө жаккан жок. Бүгүнкү өкмөт 21 адамдан турса, алардын жарымынан көбүн түзгөн Түштүктөн үч гана адам мүчө экен. Балким Бабановдун жашыруун сүйлөшүүлөрүнөн улам таластык 8 адам бул өкмөттө киргендир. Эмне эми Бабановдук өкмөт дейбизби же эки кишисин алып чыккан Акылбек Жапаровдун өкмөтү дейбизби?

Аскар Акаевдин жубайы Майрам Дүйшөновнанын учурунда Таластан чыккандар бийликте коноорго жер таппай калган. Жапаровдун өкмөтүндө башка жерге салыштырмалуу калкы Кара-Суу районунан аз таластыктар толуп алган. Түштүктүн калкы көпчүлүктү түзсө да, өкмөттөгү 21 кишинин 3 гана адамы түштүктөн экен: Кожошев, Ташиев, Ажикеев.

Биринчи орунда Талас облусунан 8: Руслан КАЗАКБАЕВ, Азамат ЖАМАНКУЛОВ, Аяз БАЕТОВ, Бактыбек БЕКБОЛОТОВ, БАКЕТАЕВ Алмаз, Улан НИЯЗБЕКОВ, Доскул БЕКМУРЗАЕВ, ОСОЕВ Эркинбек.

Экинчи орунда президент туулган Көлдөн 4: Азиз ААЛИЕВ, Болот КУПЕШОВ, Аскар ЖАНЫБЕКОВ, Дастан ДОГОЕВ.

Үчүнчү орунда Жапаров Акылбек туулган Нарындан 3: Жапаров Акылбек, Эдил БАЙСАЛОВ, БАЗАРБАЕВ Кудайберген.

Оштон 2: Кожошев, Ажикеев.

Чүйдөн эки: Алымкадыр БЕЙШЕНАЛИЕВ, Данияр АМАНГЕЛДИЕВ.

Жалал-Абаддан 2: Ташиев, КУТМАНОВА Динара (Тогуз-Торо).

Баткенден нөл.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости