www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоган Стамбулдагы Демократия жана эркиндиктер аралында өткөн Түрк Кеңешинин 8-саммитинен кийин пресс жыйын өткөрдү. Бул тууралуу трт.нет билдирди. 

Режеп Таййип Эрдоган: "Кеңешибиздин аты эми Түрк мамлекеттеринин уюму болду",- деп билдирип: "Жаңы атыбыз жана түзүмүбүз Түрк мамлекеттеринин уюму менен мындан кийин дагы ылдам, өзгөчө тамыр жайып, өсүп, өнүгөбүз",- деди.

Эрдоган цивилизациянын бешиги болгон Түркстандын географиясы кайрадан бүткүл адамзатты өзүнө тартуу жана агартуу борборуна айланаарын жана аталган уюмдун келечектеги перспективасын көрсөткөн Түрк дүйнөсүнүн 2040 көз караш документин да кабыл алгандарын жар салды.

Президент Эрдоган: "Бүгүн бул жерде көрсөткөн фотографияны түрк дүйнөсү катары арабыздагы түбөлүктүү боордоштуктун жаңы бир белгиси катары карап жатабыз. Эч ким  Түрк мамлекеттеринин уюмунан тынчсызданбасын. Байыркы тарыхы жана адамзаттык карым-катнаштар боюнча жогорулаган бул уникалдуу түзүлүштүн бир бөлүгү болууга аракет кылышы керек. Эпидемия мезгилинде мүмкүнчүлүктөрүбүздү бөлүшүп түрк дүйнөсү катары бирдикте экенибизди дагы бир жолу көрсөттүк. Түрк Кеңеши катары да Африкага 2, 5 миллион доза вакцина жардам беребиз. Мунун 2 миллионунун Түркия катары биз беребиз",- деди. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости