www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир мандаттуу Алай шайлоо округунда шектүү көмүр таратылууда. Мындай даттануу менен талапкер Замирбек Бөжөнов тийешелүү органдарга арыз менен кайрылган.
Кышка даярдыкпы же шайлоогобу?..
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Абидов Жеңишбек Эсеналиевичке КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына
№11 Алай шайлоо округунан талапкер Божонов Замирбек Сабиржановичтен
Арыз
Мен талапкер катары Чоң-Алай районундагы шайлоочулар менен жолугушуп жүрүп төмөндөгүдөй шек жараткан учурларга күбө болдум жана жарандар тарабынан берилип жаткан маалыматтарды текшерип берүүңүздү суранам:
1. 2021-жылдын 11-ноябрь күнү Чоң-Алай районунун Шибээ айылынын эски мектеп менен мечиттин жанындагы үйлөргө көмүр түшүрүлүп, “баасы 4 сомдон берилип жатат” деп сүйлөшүп жаткан адамдар менин талапкер экенимди билгенден соң “көмүрдүн килограммын 6 сомдон алып жатабыз” деп айтышты;
2. Чоң-Алай районунун Кызыл-Эшме айылына 2021-жылдын 11-ноябрь күнү 20 тонна көмүр 3 сом 10 тыйындан таратылгандыгын адамдар ачык эле айтышты. Эмне үчүн бир эле райондо көмүрдүн баасы эки башка баа менен сатылууда? Базар баасынан жеңилдетилген көмүрдү кимдер сатууда?
3. Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа, Кара-Гуз айыл өкмөттөрүнө 2021-жылдын 11-ноябрь күнү оор жүк ташуучу 3 автоунаа менен көмүр таратылган. Көмүр кимдер тарабынан таратылган?
Талапкер: З.С.Божонов 2021-жылдын 13-ноябры