www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эт жеп отурган бир тууган инисин бычак менен сайып, иниси ошол жерден каза болгон. Айыпталуучуну сот 10 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, окуя 2019-жылдын жай мезгилинде Ысык-Көл облусундагы айылдардын биринде болгон. Анда маркум жигиттин 39 жаштагы агасы, окуя болгон күнү кошуналар менен таң атканча арак ичип, түшкө маал үйүнө келген. Мас болуп келген жаран эт жеп отуруп бир тууган иниси менен уруша кетип, бычак менен сайып жиберген. Иниси ошол эле жерден көп кан жоготуп, каза болгон.

Ал эми, сот өкүлдөрү айыпталуучуну 10 жылга эркинен ажыратып, 110 миң сом айып пул салды.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости