www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук кеңешке коомдук ишмерлер, саясатчылар жана активисттер кирет, мүчөлөрүнүн саны 21 адам. Соттук-укуктук реформа жүргүзүү боюнча улуттук кеңеш түзүү боюнча демилге 10-апрелде Кыргызстандагы сот системасынын абалын талкуулоо учурунда көтөрүлүп, аягында резолюция менен бекитилди. Бул тууралуу Азаттыкк маалымат агенттиги билдирди.

Талкууда өлкөдөгү сот системасы туңгуч президент Аскар Акаевдин тушунан бери эле көз каранды болуп келгени айтылып, бийликке каяша кылып, сынга алган саясатчылар, журналисттер камалып кеткени сөз болду. Талкуунун айрым катышуучулары улам бийлик алмашкан сайын соттук реформа жүргүзүү тууралуу маселе көтөрүлүп, ал кагаз жүзүндө гана калып жатканын айтышты. Алар бул кээ бир судьялардын бийликке жагымдуу, бирок адилетсиз чечимдерди чыгара беришине шарт түзүп бергенин эске салып, адилетсиз чечим чыгарган сотторду жоопкерчиликке тартууну талап кылышты.

Кыргызстанда жарандык активисттер сот системасын сындап жүрүшөт. Алар буга акыркы эки жылда саясий себеп менен камалган саясатчылар көбөйгөнүн, сөз эркиндигине, журналисттерге карата мамлекеттик бийликте отурган адамдардын доо арызына ылайык, көп суммадагы айыппулдар салынышын мисал келтиришет.

2010-жылдагы апрель окуясынан кийин келген бийлик сот адилеттигин орнотууга убада берген. Бийлик судьялардын 60-70 пайызы жаңыланганын, алардын айлыгы көбөйүп, материалдык-техникалык шарттары оңолгонун айтып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости