www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баардык мамлекеттик кызматтагы кагаз иштери Кыргыз тилинде жүргүзүлсө, кечээгиндей иш чараларда спикер уят болмок эмес. Өкмөт, ЖКнын аппараты, президенттин аппарат жетекчилери бул боюнча ойлонушу керек. Жогорку Кеңеш тийиштүү мыйзам долбоорлорун кабыл алып берип, а өкмөт мүчөлөрү улуттук тилди өнүктүрүү үчүн баардык күчүн жумшашы шарт.
Биз өзгө тилде сүйлөй албаган спикерди же кайсыдыр бир мамлекеттик кызматкерди мазактабай, өз тилин өзгө тилдей кабыл алып, атасын “дедушка”, а апасын “бабушка” деген муундун тилин, дилин, тазалоонун үстүндө иштешибиз керек.
Уят – бул өз тилибизде эркин сүйлөй албаган уул-кызды тарбиялоо, уят – бул улуттун тилин, дилин, маданиятын, тарыхын билбеген уул-кызды өстүрүү, уят – бул өзгө тилди пир тутуп, а өз тилиңди басмырлоо…
Карачы эшек өз тилинде аңгырайт, тоок өз тилинде кыйкырат, булбул өз тилинде сайрайт, а сен экөөбүз эмнеге өз тилибизде сүйлөбөшүбүз керек, эмнеге өзгө тилде эркин сүйлөй албаганыбыз үчүн кыргыздар эмес киргиздердин мазагында калышыбыз кере?..
Мен үчүн орус тилин билбеген эмес, мен үчүн кыргыз тилин билбеген уят деген уул-кызды ар бирибиз тарбиялап өстүрөлү.
Ойлон кыргыз, ойгон кыргызым!
Чыңгыз Ысманов
Булак: "NazarNews.kg"