www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Россия” телеканалынын “Прямой эфир” телекөрсөтүүсүнүн белгилүү алып баруучусу Андрей Малахов орусиялык олигархтын уулунун өлүмүнө шектүү Кыргызстандык айдоочу тууралуу көрсөтүү алып баргандыгы бардыгына маалым.

Анда Малахов Кыргызстандыктарды басмырлаган, шовинизмдик пикирлерин жашырбагандыгы кыргыз коомчулугунда талкууга алынып, анын көрсөтүүлөрүнө бойкот дагы жарыялагандар четтен чыгууда.

Анын сөзү бизге дагы жакпай турат. Журналист каяктагы бир гипотизалардан алыс болуусу зарыл. Бирок, бир жагдай бар. Ал өз сөзүндө Кыргызстанда айлык 10 доллар дегени чындыкка коошпойт албетте. Бирок, биздин өлкө КМШ өлкөлөрүнүн арасынан экономикасы эң чабал, пенсия, социалдык төлөмдөр, айлык акы эң төмөн экендиги талашсыз.

Андыктан, бул - ойсокенин чучукка жеткен сөзүнөн сабак алган өкмөт мүчөлөрү чыгаттыр деп туралы. Болбосо, каяктагы бир “желтая прессанын” өкүлү болгон ойсоке - Малахов Кыргызстандын жагдайын билсе, аналитикалык көрсөтүүлөрдү алып барган журналисттери келемиштей эле жечүдөй бизди...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости