www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык Кэрсон Кинг аттуу 24 жаштагы жигит америка футболу боюнча матч учурунда сырага акча которууну суранып, жыйынтыгында миллион доллардан ашык акча чогултуп алган. Бул тууралуу Skynews басылмасы жазып чыкты.
«Айова Хокайс» менен «Айова Стейт Циклонс» командаларынын беттеши учурунда Кэрсон Кинг өзүнүн электрондук капчыгына акча которуп коюу суранычы жазылган баннерин көтөргөн.
Ал минтип тамашалашууну каалаганын, бирок мынчалык реакция болорун күткөн эместигин айткан. Которулган акчалардын суммасы 600 доллардан ашкандан кийин, ал бүт акчаны кайрымдуулукка жумшоону чечкен. Айткандай эле, ал өзүнө бир ящик сыранын баасына жетерлик акча алып калып, калганын Айова университетинин балдар ооруканасына которгон. Буга ыраазычылык билдирүү иретинде Busch Beer компаниясы аны бир жыл бою сыра менен камсыз кылууну сунуштаган жана анын жүзү тартылган, “Айованын легендасы” деген жазуусу бар сыра банкаларын чыгарган.
Булак: "NazarNews.kg"