www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан эмне үчүн олимпиададан алтын албайт? Анткени Улуттук олимпиадалык комитетибизди Шаршенбек Абдыкеримов деген бизнесмен башкарат. Түштүк Кореяда өтүп жаткан оюндарга намысыбызды коргомокчу болуп аттанган эки спортчубуздун бири Тариэл Жаркымбаев деген лыжачыбыз 80ден 78-орунду ээлеп, артынан экинчи болуп келиптир. Мына биздин спортубуздун абалы.

Шаки байкебиздин муну менен башы деле ооруган жок. Олимпиаданын бизге эмне кереги бар? Андан көрө өзбек крим төбөлү Салимбай байбача менен мамилесин жакшыртып, бизнесин гүлдөтүп, “Аюнун” акчасын арбыткан пайдалуу болуп жатпайбы.

Баарынан күйгүзгөнү УОКтун эки кызматкери Адилет Баяман уулу менен Алия Калыбекова деген немелер Түштүк Кореяга эмнеге барды? Шаршенбектин демөөрчүлүгү же өздөрүнүн жеке каражаты менен барса го маселе жок. Бирок булар мамлекеттин эсебинен барышты. Ал экөөнүн ордуна эки спортчубуздун кошумча машыктыруучулары же башка пайдалуу адистер барса болбойт беле?

Алия деген неме 2014-жылы дагы Рио-де-Жанейродо чалчактап жүргөн. Анда да элдин акчасынан барган. УОКто иштеген карапайым бирөөнүн кызы эмес экени көрүнүп турат. А берки Адилет деген баатыр кадимки вице-премьер министр Чолпон Султанбекованын уулу. “Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн” деген замандан али арыла элек экенбиз

Булак: Фабула 

Последние новости