www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Спорт менен алектенгендер үчүн сунушталган азыктар

Түрк окумуштуулары булчуңдун массасын өстүрүп, организмде майдын балансын кармоого жардам берген азык-түлүктөрдү атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адистер сунушталган азыктарды спорт менен алектенгендер колдонсо көбүрөөк жардам берерин айткан.

Банан. Бул жемиш аш болумдуу, бирок курамында кант көп экендигин эстен чыгарбаш керек;

Лосось. Денесин келишимдүү кылып, булчуң чыгаргысы келгендерге чоң жардамчы болот;

Быштак. Организмге эң керектүү делген белокко өтө бай азык;

Ананас. Адистердин айтымында аны машыгуудан кийин, ошондой эле эртең менен жана тамак жеген учурлардын ортосунда колдонууга кеңеш беришет. Анткени курамында белокту бөлүп чыгаруучу бромелаин ферменти бар. Ал машыгуудан кийинки булчуңдардын сезгенишин азайтат;

Сулу. Бул дан өсүмдүгү клетчаткага, протеинге, витаминдерге жана минералдарга өтө бай;

Балыктын майы. Зат алмашууну тездетет;

Батат. Таттуу картошкада А жана С витаминдери менен калий, рибофлавин, жез, пантотетикалык жана фолий кислоталары бар;

Бадам. Бул жаңгак белок менен майдын булагы, ошондой эле Е витамини бар жана антиоксиданттык касиетке ээ;

Шпинат. Булчуңдардын өсүшүнө оң таасирин тийгизет;

Шоколад сүтү. Бул азык чарчоодон арылткандыктан, адистер көнүгүүдөн кийин ичүүгө кеңеш беришет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости