www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Олтургучтар толугу менен жасалып сонун көрүнүп калды. «Элит Хаус» деген жазуу кимге ыңгайсыздык жаратып жатканын түшүнгөн жокмун. Концерт көрүп атканда ыңгайсыз болуп атабы же маанайын түшүрөбү? Түшүнүү оор экен. Бирок жалпы жонунан, келгендер «отургучтар ыңгайлуу болуп калыптыр» деп кетип жатышат".
Мындай пикирин Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордонун директорунун орун басары Самат Токтоналиев "Азаттык" радиосуна аталган имаратты оңдоп-түзөө иштеринин алкагында көрүүчүлөр олтурчу олтургучтарга түшүрүлгөн «Элит Хаус» («Elite House») курулуш компаниясынын логотиби боюнча түшүндүрмө берип жатып билдирди.
Анын айтымында, спорт ордосун оңдоодо каражаттын жетишсиздигинен «Элит Хаус» менен өнөктөштүк макулдашуу түзүлгөн жана андагы макулдашууга ылайык, компания концерттик залдын 2200 отургучун оңдоо жана алмаштыруу, өрткө каршы жабдуу менен көшөгөнү алмаштыруу сыяктуу бир топ милдеттерди өзүнө алган. Ал эми келишим боюнча «Элит Хаустун» логотиби отургучтарга жазылган жана компания андан сырткары үч жыл бою спорт ордонун имаратына тренингдерин бекер өткөрөт.
Ошондой эле Токтоналиев демөөрчү болгон ишканалардын атын жазуу дүйнөлүк практикада көп эле колдонулуп келээрин айтат.
Кечээ кыргыз интернет айдыңында аталган спорт ордосунун оңдоп-түзөө иштеринен кийинки көрүнүш жарыяланып, анда аталган спорт сарайдын жетекчилиги, тиешелүү министрликтер, Кыргызстандын аткаруу бийлиги жана оңдоп-түзөө иштерине көмөк көрсөткөн компания сынга кабылган.
Аталган спорт ордосунун курулуш долбоору 1941-жылы эле түзүлгөнү менен ал 1974-жылы гана ишке ашкан.
Кожомкул атындагы спорт ордосу СССР кезинде эле тарыхый, илимий, көркөм жана мемориалдык жактан республикалык деңгээлдеги архитектуралык курулуш катары эсептелип келген.
Бүгүнкү күндө аталган ордо бир гана спорттук иш-чаралардын эмес, ар кандай деңгээлдеги концерттик кечелер өтүүчү маданий борборго да айланган.
Булак: NazarNews.kg
.