www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жекшемби күнү Мадрид шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу эки миңден ашуун кой өттү. Көрсө, бул байыркы замандан бери келе жаткан салт экен. Бул туралуу ВВС маалымат агенттиги жазды. 

Маалыматка караганда, Fiesta de la Trashumancia аттуу фестивалда койлор Мадриддин борборун кесип чубап өтөт. Чабандар мурда кыштын алдында малын түштүктү көздөй айдап, шаар аркылуу өтүүгө укуктуу болгон экен.

Fiesta de la Trashumancia фестивалы 1994-жылы башталган. Ал аймактын элеттик тарыхын даңазалайт.

Шаардын борбору аркылуу өтүү мыйзамы орто кылымдарда эле пайда болгон. Жыл сайын чабандар акча төлөп, Мадридди айланып өткөндүн ордуна, шаардын ортосунан мал айдашат.

1418-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, чабандар 50 maravedís al millar же ар бир миң башка 50 тыйын төлөшү керек. Бул мыйзам азыр дагы күчүндө.

Айрым чабандар улуттук кийимин чечпей, малын айдап өтөт. Фестивалды көрүүгө дүйнөнүн булуң бурчунан туристтер дагы агылып келет.

"Кызыктай болот экенсиң. Мадрид шаарын койлор басып алгандай сезилет. Биз кечээ келдик. Жыл сайын көрүп кетчү фестиваль экен", -деп туристтердин бири өз ою менен бөлүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости