www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык соту Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгер-нефрологу Насира Бейшебаеваны үч жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Евгения Крапивина социалдык тармактарда билдирди.
Кечээ сот Ленин райондук сотунун үй камагына алуу тууралуу чечимин жокко чыгарып, айыптоо өкүмүн чыгарган. Андан кийин Бейшебаева тергөө абагына жөнөтүлгөн.
Эске салсак, дарыгер 2026-жылдын башында кармалган. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүндө дарыланып жаткан өспүрүм кыздын апасы дарыгерлерди кызынын бир бутунан ажырап калышына себепкер болгон деп айыптаган. Бул боюнча ИИМдин Тергөө кызматы кылмыш ишин козгогон. Дарыгерге карата бөгөт коюу чарасы катары үй камагы тандалган.
Бейшебаеванын адвокаты анын жактоочусу бейтапка жардам берүүгө аракет кылганын жана дарылоонун жыйынтыгын толугу менен көзөмөлдөй албаганын билдирди.
«Өлкө бир дарыгеринен, балдар болсо бүгүн кезектеги түнүн тергөө абагында өткөрүп, андан кийин аялдар колониясында жазасын өтөй турган энеден ажырады. Ал бейтапына жардам берүү үчүн болгон күчүн жумшап, аны дарылаган. Бирок баары эле дарыгердин эркине жана аракетине көз каранды эмес», — деп билдирди Крапивина.
Адвокаттын айтымында, сот ишти болгону бир жарым сааттын ичинде карап чыккан.