www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Майыптыгы бар жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө кайра жанданды. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Анын айтымында, жакында эле ДНК экспертизасынын жыйынтыгы келип түштү. Шектүү катары кыздын 70 жаштагы кошунасы айыпталууда. Жабыркаган тараптын жактоочуларынын айтымында, кыз башында эле кошунасын көрсөткөн, бирок милиция ага ишенген эмес.
Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы экспертизанын жыйынтыгын карап чыгып, сот шектүүнү бир айлык мөөнөткө камакка алуу чечимин чыгарганын белгиледи.
Буга чейин Ички иштер башкармалыгы соңку убактарда социалдык тармактарда бул факт боюнча чындыкка дал келбеген маалыматтар чыгып жатканын билдирген.
Эске салсак, алгач кылмышка 70 жаштагы карыя шектелген. Бирок, кийинчерээк андан бардык шектенүүлөр алынган.
Юристтердин айтымында, Церебралдык шал оорусу менен ооруган 16 жаштагы кыз кош бойлуулугунун бешинчи айында кансырап ооруканага түшкөн. Өспүрүмгө операция жасалып, бирок баласын сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Булак: NazarNews.kg