www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиялык окумуштуулар "Спутник V" вакцинасы адамдын репродуктивдик системасына таасирин тийгизбейт деген бүтүмгө келишти. Бул тууралуу "Известия" жазды.
Изилдөөнү Россиянын илимдер академиясынын академиги, Саламаттык сактоо министрлигинин гинекология боюнча штаттан тышкаркы башкы адиси Лейла Адамян жетектеген топ жүргүзгөн.
Алар "Спутник V" вакцинасын алган 44 эркек кишинин тукум улоосуна анализ жүргүзүшкөн. Алынган маалыматтар вакцина гормондордун деңгээлине жана спермограмманын көрсөткүчүнө таасир этпейт деген тыянак чыгарууга мүмкүнчүлүк берген. Изилдөөнүн жыйынтыгында көйгөйлөр аныкталган эмес.
Ошондой эле коронавирус менен ооруган эркектерге дарттын өзү кандай таасир этерин да аныктап көрүшкөн, натыйжада вирус эркектик уруктун сапатына терс таасир тийгизиши мүмкүн деген ойго келишкен.
Булак: NazarNews.kg