www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коронавируска каршы орусиялык «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө башталды. Бүгүн, 23-апрелде алгачкылардан болуп вакцинаны хирург, Кыргызстандын Эмгек сиңирген дарыгери Мамбет Мамакеев алды.

Бул тууралуу «Маралга» Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.

Орусиялык «Спутник V» вакцинасын 65 жаштан жогору курактагылар алат.

Кыргызстанга 22-апрелде Орусияда өндүрүлгөн  “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы алып келинген.

Өлкөдө 23-апрелге карата 14 861 киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Алардын 276сына вакцинанын экинчи дозасы сайылды. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Буга чейин COVID-19 илдетине каршы эмдөө Кытайдын «SinoPharm» вакцинасы менен башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости