www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Ала-Тоо конушунда жаңы спорт аянтча ачылды

Борбор калаанын Ала-Тоо конушунда жаңы спорт аянтча ачылды. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, спорт аянтчасынын ачылышы шаардыктардын, Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын, Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын, Ленин районунун акиминин орун басарынын катышуусунда өткөрүлдү.

Чакырылган коноктор балдарды жана шаар тургундарын заманбап, көп функционалдуу аянтчанын ачылышы менен куттуктап, жаңы аянтчадагы тартип, ошондой эле жабдуулардын абалы тургундардын кылдат жана камкор мамилесинен көз каранды экенин белгилешти.

Жаңы аянтча тиешелүү спорттун түрлөрү менен жабдылган: футбол, волейбол, баскетбол, балдар  аянтчасы, воркаут зонасы, шахмат, чуркоо үчүн аянтчалар жана унаа токтотуучу жай камтылган.

Аянтчанын жалпы аянты 0,8373 га.

Белгилей кетсек, курулуш иштерин "Би Эм Ассист" ЖЧКсы подряддык уюму тарабынан жүргүзүлдү.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости