www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин атасы Гейдар Алиев ким болгон? Азербайжанды дээрлик 50 жылдан ашык убакыттан бери башкарып келе жаткан ата-бала же Алиевдердин династиясынын тарыхы жана Ильхам Алиевдин атасынан бийликти мурастап алышы боюнча атасынын саясий мурасы, таасири, ролу тууралуу эмнелер белгилүү?...
Бүгүнкү күндө Алиевдер үй-бүлөсү Кавказ аймагындагы эң таасирдүү саясий династиялардын бири катары саналат. Алардын бийлик тарыхы 1969-жылдан башталат. Дал ошол жылы Азербайжан ССРинин жетекчилигине кийинчерээк көз карандысыз Азербайжандын улуттук лидери катары таанылган Гейдар Алиев келген.
![]()
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, Алиевдердин ата-теги тарыхый Зангезур аймагынан (азыркы Армениянын Сюник облусу) чыккан. XX кылымдын башында үй-бүлө Нахичеванга көчүп барып, дал ошол жерде 1922-жылы Гейдар Алиев жарык дүйнөгө келген. Ал сегиз баланын төртүнчүсү болгон.

Тарыхчылардын пикиринде, Алиевдер Кербалаи уруусуна таандык болгон. Заманбап Алиевдер династиясынын негиздөөчүсү катары Гейдар Алиевдин атасы – Алирза кербалаи Джафар оглы Алиев аталат. Анын кесиби тууралуу түрдүү версиялар бар. Айрым маалыматтарда ал жөнөкөй жумушчу же мончочу болсо, башка булактарда падышалык Россиянын офицери болгон деп айтылат.

Гейдар Алиевдин өзү 1940-жылдары Азербайжан ССРинин НКВД системасында кызмат жолун баштап, контрчалгындоо жана тышкы чалгын тармагында иштеген. Иран, Афганистан, Пакистан, Түркия сыяктуу өлкөлөрдө кызмат өтөгөнү айтылат. Кийинчерээк Азербайжан КГБсында жогорку кызматтарга көтөрүлүп, полковник наамына чейин жеткен.

1969-жылы ал Азербайжан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп дайындалып, коррупцияга каршы күрөшү менен белгилүү болгон. 1982-жылы Юрий Андропов аны Москвага чакырып, СССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары кылып дайындаган. Бирок Горбачёв мезгилинде кызматтан кеткен соң, Алиев Нахичеванга кайтып келип, 1990-жылдардын ортосунда кризиске кабылган Азербайжандын кайрадан жетекчиси болгон.

2003-жылы Гейдар Алиев дүйнөдөн кайтып, бийликти уулу Ильхам Алиевге өткөрүп берген. Ильхам Алиев жубайы Мехрибан Пашаева аркылуу Пашаевдердин таасирдүү кланы менен туугандашып, саясий жана коомдук таасирин андан ары бекемдеген. Алардын уулу – Гейдар Алиев (уулунун ысымын атасынын ысымынан койгон) – келечектеги мүмкүн болгон мураскер катары айтылып келет.

Алиевдер династиясы же Кавказдагы эң таасирдүү башкаруучу клан кантип калыптанды?Бүгүнкү күндө Алиевдер үй-бүлөсү ири бизнеске активдүү катышат. Алар Азербайжанда банктарга, курулуш компанияларына, мобилдик байланыш операторлоруна ээ экени айтылып келет. Ошондой эле Дубайда жана Лондондо жайгашкан кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрү бар, алардын жалпы баасы ондогон миллион долларга бааланат.
Алиевдердин Россия менен байланышы да бекем. Гейдар Алиев 1970-80-жылдары Москвада иштеп турган, ал эми Ильхам Алиев МГИМОдо билим алган. 1990-жылдардын башында ал Москвада “Ориент” аттуу алгачкы бизнес компаниясын түзүп, Түркия менен соода жүргүзгөн.

Маалыматтарга караганда, Алиевдер үй-бүлөсүнө Москва облусундагы Рублёво-Успенск трассасында жайгашкан элиталык “Сады Майендорф” коттедж кыштагындагы бир нече ири особняктар таандык. Алардын бири – болжол менен 1,6 миң чарчы метр аянттагы үй Ильхам Алиевдин бааласы Гейдар Алиев катталган. Анын карындашы Лейланын да бул жерде эки особнягы бар экени айтылат.
Ошондой эле Ильхам Алиев менен жубайы Мехрибан Алиева Москва шаарынын борборунда, Большая Якиманка көчөсүндө жайгашкан батирге ээ экени белгиленет. Бул аймакта адатта дипломаттар жана жогорку даражалуу кызматкерлер жашайт.

Алиевдер династиясы Азербайжанда гана эмес, чет өлкөлөрдөгү азербайжан диаспорасынын арасында да олуттуу колдоого ээ. Алар өлкөнүн заманбап тарыхы, саясий туруктуулугу жана эл аралык аброю менен тыгыз байланышта каралып келет.
Арийне, Ильхам Алиевдин Азербайжандын президенти болуп калыптанышы кокустук көрүнүш эмес. Бул узак жылдар бою кылдат даярдалган саясий мурастын жыйынтыгы болгон. Гейдар Алиев бийлигинин акыркы жылдарында эле уулун мамлекеттик башкарууга системалуу түрдө алып келе баштаган.
1990-жылдардын ортосунан тарта Ильхам Алиев стратегиялык маанидеги тармактарда иштеп, адегенде Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясында (SOCAR), кийин Улуттук Олимпиада комитетинин президенти катары көрүнүктүү позицияларга көтөрүлгөн. Бул кызматтар аны эл аралык сүйлөшүүлөргө, ири экономикалык долбоорлорго жана батыштык элита менен байланыш түзүүгө даярдаган.

2003-жылы Гейдар Алиевдин саламаттыгы кескин начарлаганда, ал бийлик транзитин ачык түрдө уулуна багыттаган. Ильхам Алиев ошол эле жылы премьер-министр болуп дайындалып, бул ага Конституциялык жактан президенттик шайлоого жол ачкан. Гейдар Алиев шайлоого өзү катыша албасын жарыялап, эл алдында уулун колдой турганын так билдирген. Мунун арты менен мамлекеттик аппарат, күч түзүмдөрү жана саясий элита толугу менен Ильхам Алиевдин айланасына топтолгон.

Ошентип, Ильхам Алиев бийликке келгенде ал жөн гана президенттин уулу эмес, атасы түптөгөн саясий системанын мыйзамдуу уландысы катары кабыл алынган. Гейдар Алиев түзгөн вертикалдык башкаруу модели, күчтүү коопсуздук аппараты жана эл ичиндеги “туруктуулуктун символу” деген образ уулунун бийлигин легитимдештирип берген. Натыйжада Азербайжанда постсоветтик мейкиндиктеги эң ийгиликтүү жана туруктуу бийлик мурастоолорунун бири ишке ашкан.
