www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасы тарабынан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында мамлекеттик сатып алуулар багытында текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы билдирди.
Текшерүүдө, аталган мамлекеттик кызматтын жооптуу кызмат адамдары тарабынан түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгондорду, камактагы айыпталуучуларды жана шектүүлөрдү балык менен камсыз кылуу максатында 2025-жыл ичинде жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алууларда тоңдурулган балыктар жогору баа менен сатылып алынып, натыйжада мамлекетке 15,9 млн сом зыян келтирилгендиги аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.